БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Учурда ооруканаларга COVID-19дун орточо оор жана айрым учурда өтө оор формасына кабылгандар түшүп жатат. Көбүнесе мындай кырдаалга үй шартында өз алдынча дарыланган бейтаптар туш болууда. Бул тууралуу вице-премьер Артем Новиков билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, ал бүгүн коронавирус жуктургандар үчүн 7-апрелден тарта кошумча 110 орун даярдалган Улуттук госпиталдын жугуштуу оорулар боюнча бөлүмүнө барды. Ал жактан дары-дармек жана медиктердин коронавирустун божомолдонуп жаткан үчүнчү толкунуна даярдыгы боюнча маалымат алды.
"Биздин милдет — оорулуулардын абалынын начарлап кетишине жол бербөө. Учурда ооруканаларга COVID-19дун орточо оор жана айрым учурда өтө оор формасына кабылгандар түшүп жатат. Көбүнесе мындай кырдаалга үй шартында өз алдынча дарылангандар туш болууда. Келгиле, бири-бирибизди сактайлы. Ооруканаларда керебеттердин, Тез жардам бригадаларынын санын көбөйтүп жатабыз. Дары-дармектер жетиштүү. Катаал чектөөлөр киргизилбейт, болгону жарандардан жоопкерчиликтүү мамиле гана керек", — деди Новиков.
Маалыматка караганда, божомолдонуп жаткан үчүнчү толкун учурунда зарыл болуп калса республика боюнча кошумча 11 237 орун ачылат.