Өзгөндө автоунаа аткыланып, эки киши каза болду. Шектүүлөр изделүүдө

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 19-мартка караган түнү саат 3:35те Өзгөн райондук ооруканасынан ок тийген эки жаран кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрдү деп шектелгендер изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.
Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү
Ыкчам төргөө тобу алган маалымат боюнча, жабырлануучулар жумага караган түнү саат 03:15тер чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө ошол эле жердин үч тургунунун бирине тиешелүү болгон Honda Inspire үлгүсүндөгү автоунаада отурушкан. Алардын экөө 31, бири 21 жашта экени айтылат.
"Ошол маалда автоунаанын жанына башка машина келип токтоп, ичиндегилерге ок чыгарып, андан соң качып кеткен. Алдыңкы орундукта отурган киши аман калып, арттагы экөө ооруканада көз жумган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Аталган окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды.
Учурда Ош облусу менен Өзгөн районунун милициясы кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.