Япония Олимпиадага карата кошумча чектөөлөрдү киргизмей болду

Алдын ала чечимге ылайык, чет мамлекеттин башчысын коштоп жүргөндөр 11 адамдан ашпайт, ал эми министрди коштоп жүргөн адамдардын саны төрт кишиден көп болбошу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Япония өкмөтү жай айында өтүүчү Олимпиада оюндарына келген чет элдик лидерлерди коштоп жүргөн адамдардын санын чектөөнү карап жатат. Мындай аракет коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам болгонун Киодо агенттигине таянып Р-Спорт жазды.
Агенттик билдиргендей, бул тууралуу ар бир өлкөнүн элчиликтеринин өкүлдөрү кабардар болгон. Тактап айтканда, чет мамлекеттин башчысын коштоп жүргөндөр 11 адамдан ашпайт, ал эми министрди коштоп жүргөн адамдардын саны төрт кишиден көп болбошу керек.
Токио Олимпиадасынын бюджети 16 миллиард долларга чукулдады
Келген ардактуу (VIP) коноктор катаал карантинден өтүшпөйт, бирок алар өлкөгө кирерден 72 саат мурун коронавируска каршы ПЦР-анализ тапшырып, аэропортко келгенден кийин кайрадан тесттен өтүшөт.
Мындан тышкары, алардын спортчулар менен байланышуусуна чектөө коюлат. Бөлүнгөн гана транспорт менен жүрүшү зарыл.
Коронавируска каршы чаралар боюнча акыркы чечимди бийлик башка мамлекеттердин реакцияларын, ошондой эле Япониядагы жана чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кабыл алары айтылат.
Киодо агенттиги буга чейин Япония Олимпиада оюндарын COVID-19 илдетинин тарап кетишине, чек аралардагы чектөөлөргө байланыштуу көрүүчүлөрсүз өткөрүүнү чечкенин айткан. Кийинчерээк Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Токиодогу оюндарга чет элдик күйөрмандарды кабыл алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин билдирген болчу.