Директорлор учурдагы заман талаптарына ылайыктуу болушу керек. Бул тууралуу Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, билим берүүдө 50 жыл мурдагыдан талап кыйла өзгөрдү.
"Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин аттестациядан өткөрүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Албетте, пикирлер эки ача болууда. Негизи бул ишти жасасак да, кылбасак да сындар айтылмак. Учурда кырдаалга байланыштуу жаңы багытта окуулар жүргүзүлүүдө. Мурда маалымат алуу булактары китеп жана мугалим гана болсо, азыр окуучунун мүмкүнчүлүктөрү кенен. Ошого байланыштуу билим берүү мекемесинин жетекчиси учурдагы талаптарга ылайыктуу болушу шарт. Директорлор мектеп администрациясына, окуучуларга шарт түзүүдө мыктылыгын көрсөтүшү керек. Эгер андай болбосо, министрлик тарабынан квалификациясы жогорулатылышы зарыл. Сунушталып жаткан долбоордун алкагында директорлор беш жылга шайланат", — деди Усеналиев.
Ошондой эле ал милдетин мыкты аткарган мектеп директорлору дагы беш жылга ордунда кала аларын кошумчалады.