ЖК жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоону биринчи окууда колдоду

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин референдум дайындалат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин жактырды.
Аталган долбоор бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Натыйжада 87 эл өкүлү макул, 9 депутат каршы добуш беришти.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.