Бишкектин Тунгучунда уланды сүздүрүп кетти делген киши эки күндөн кийин кармалды

Интернетке автоунаа кар калың жааган көчөдөн өтүп бара жаткан жигитти коюп кеткени тартылып калган видео тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Борбор калаанын чыгыш тарабындагы Тунгуч кичи районунун аймагында 20 жаштагы уланды койдуруп кетти деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган кызматтан интернетке Тунгуч кичи районунда жол кырсык болгон видео тарагандыгын билдиришти. Окуя 25-февраль күнү Анкара көчөсүндө болгон. Айдоочу кырсык болгон жерден изин жашырган. Автоунаа коюп кеткен уланды ооруканага жеткиришкен. 
Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаа
Окуядан эки күн өткөн соң шектүү катары Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаанын 52 жаштагы айдоочусун кармашты. Автокөлүк айып короого токтотулду. Ал эми шектүү боюнча калган иштерди милиция алып бармакчы.