Матраимовду камайбы же коргойбу? Митингде Жапаровдон убадасын аткаруу талап кылынды

Бишкекте коррупцияга каршы митинг өтүүдө. Нааразычылык акциясынын катышуучулары алгач темир жол бекетинин алдына чогулуп, андан соң "Ала-Тоо" аянтына барышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаада коррупцияга каршы чыккан митингчилер президент Садыр Жапаровду берген убадасын аткарууга чакырышты.
"Өлкө башчы Матраимов ага ким экенин так аныктап алышы керек. Ал Матраимовду камайбы же коргойбу? Жапаров блогердин эмес, президенттин функцияларын аткарышы зарыл. Биз акыйкаттык орношун талап кылабыз", — деген жүрүштүн модератору.
Эске салсак, Бишкекте коррупцияга каршы митинг өтүүдө. Нааразычылык акциясынын катышуучулары алгач темир жол бекетинин алдына чогулуп, андан соң "Ала-Тоо" аянтына барышты.
1 / 4
Борбор калаада коррупцияга каршы чыккан митингчилер президент Садыр Жапаровду берген убадасын аткарууга чакырышты.
2 / 4
Эске салсак, Бишкекте коррупцияга каршы митинг өтүүдө.
3 / 4
Нааразылылык акциясынын катышуучулары алгач темир жол бекетинин алдына чогулуп, андан соң "Ала-Тоо" аянтына барышты.
4 / 4
Алар "биз карапайым элдин балдарыбыз, чүрпөлөрүбүз мигрант болуп кетишин каалабайбыз. Коррупция токтомоюнча күрөш да токтобойт. Биз баарын жеңебиз" деген ураандарды айтып жатышат.
Алар "биз карапайым элдин балдарыбыз, чүрпөлөрүбүз мигрант болуп кетишин каалабайбыз. Коррупция токтомоюнча күрөш да токтобойт. Биз баарын жеңебиз" деген ураандарды айтып жатышат. Акциянын катышуучулары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун 260 миң сом айып төлөп кутулган соттун чечимине нааразы болууда.
Нааразычылык акциясына 300дөй киши чогулган.