Пандемия маалында коронавирустан беш жаш бала көз жумду

Эпидемиологиялык кырдаалда COVID менен ооруган 1 085 бала ооруканага жаткырылган. Учурда 28 бала дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен беш бала көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган министрлик өлкөдөгү Кавасаки синдромуна чалдыккандардын статистикасын жарыялады.
Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек
Ага ылайык, пандемия маалында COVID менен ооруган 1 085 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен лабораториялык тастыкталганы 551, көз жумгандар экөө, клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталганы 391, көз жумгандар үчөө.
Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 28 бала дарыланууда. Анын арасынан 15и Кавасаки синдромунун белгилерине окшош илдет жана 13ү мультисистемалык сезгенүү синдрому менен ооруйт.
Кардиоревматология бөлүмүнүн башчысы Гуля Саатованын айтымында, 15 бала соңку эки-үч жуманын ичинде жаткырылган.
"Бейтаптардын жаш курагы экиден 17 жашка чейин. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Кавасаки синдромунан сырткары сезгенүүчү постковиддик синдром менен ооруган балдар бар. Аларда ооруканага келгенге чейин коронавирустун белгилери байкалган эмес. Оору симптомсуз өткөн. Кавасаки синдромун дарылоо жеңил өтөт, бирок сезгенүүчү постковиддик синдром оорусунан айыктыруу узакка созулат жана оор болот", — деди Саатова.
Аталган оорулардын төмөнкүдөй симптому болот:
Балдардан жогорудагы белгилер аныкталса тез арада медициналык мекемелерге кайрылуу керек.
Кавасаки — бул COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү.