БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Нарында 31 жаштагы кишиге ок чыгарды деген эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 6-февраль күнү кечки саат 20:40тар чамасында белгисиз адамдар 31 жаштагы кишини атып кетип, ал адам ооруканага жетпей үзүлгөн.
Аталган факт Нарын ОИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.
"Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Нарын шаарынын тургуну, 25 жаштагы М.Н. аттуу адам кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, "ИЖ-20" үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, кылмыш ишине тиешеси бар делип Lexus GS 300 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, Нарын шаарынын тургуну, 24 жаштагы А.А. аттуу адам кармалган.
Каза болгон киши дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы маалым болду.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.