Казакстанга кирүү эрежелери өзгөрдү. Эмнени билип алуу керек

Казак жарандарына дагы сыртка чыгууга чектөөлөр коюлду. Бул эрежелер өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин сакталат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Казакстанда мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Негизинен чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок адамдарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бирок төмөнкү категориядагы адамдарга уруксат берилет:
Толук тизме менен кененирээк казак өкмөтүнүн расмий сайтынан таанышууга болот.
Ошондой эле казак жарандарына дагы сыртка чыгууга чектөөлөр коюлду. Алар 30 күндүн ичинде бир гана жолу өлкөдөн чыгып, кайра кире алат.
Бул эрежелер өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин сакталат.