Кайсы орган жоюлуп, кимиси кимге баш ийип калды? Өкмөттөгү өзгөрүүлөргө саресеп

Шаршемби күнү жаңы өкмөт дайындалып, кызматка киришти. Улукбек Марипов алып келген министрлер кабинетинин түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр каралган: өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскарды.
Sputnik
Эки вице-премьер-министрдин кызматы жоюлса, бир катар министрликтер менен ведомстволор бирикти. Өкмөттүн түзүмү бекитилгени менен өкмөттүн алдындагы агенттик, кызмат, фонд, инспекциялар кандай иш алып барары азырынча тактала элек. Марипов жаңы министрлер бул жагдайды тез арада иретке келтирерин убадалады.
Алгач белгилүү болгон өкмөттүн 16 мүчөсүнө кайсы тармактарды тескөөгө укук берилгенине токтололу.

Экономика жана финансы министрлиги

Мурдагы Экономика жана Финансы министрликтери бириктирилип, анын курамына Бажы кызматы, Салык кызматы, Мамлекеттик мүлк фонду киргизилди. Туризм департаменти дагы ушул жакка кошулушу мүмкүн. Өлкөнүн киреше булагына жана экономикасына бир киши жооп берсин деген принцип коюлганы айтылды. Бул органды финансы министринин мурдагы орун басары Улукбек Кармышаков жетектейт. Ал бир эле учурда вице-премьер, министр макамын алат.

Коргоо министрлиги

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын базасында Коргоо министрлиги түзүлүп, Таалайбек Өмүралиев жетектемей болду.
Марипов бийликке кимди алып келе жатат. Өкмөттөгү өзгөрүүлөр
Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлуп, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн бардыгы Генералдык штабдын карамагына өткөн. Ага ылайык, штаб мамлекет жетекчисине баш ийип келген, эми министрлик өкмөттүн карамагында болот.
Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев КМШ мамлекеттеринин бардыгында жана Кытайда куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине гана баш ийе турганын белгилейт. Муну карым-катнаш үчүн министрлик рангына ээ болууга аракет катары сыпаттады.
Ал эми КРдин коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов 2014-жылы эле кээ бир кесиптештери менен кошо Генералдык штабга өтүү демилгесине каршы чыкканын билдирди.
Маселенин күнгөй-тескейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан кенен окуй аласыздар.

Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги

Бул министрлик аябай күчтөндүрүлүп, 2019-жылдын 1-августунда бөлүнүп кеткен Суу ресурстары агенттиги кайрадан кошулду. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги да кирип жатат. Министр Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасы менен эле алектенбей, аймактарды өнүктүрүү саясатын дагы жүргүзөт.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги

Чекисттер менен чек арачылар бириксе эле чек ара көйгөйү чечилеби? Пикирлер

"Улуттук энергохолдинг", "Электр станциялары", "Түндүк электр" сыяктуу ишканалар жоюлуп баары бир министрликке баш ийе турган болууда. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ушул министрликтин карамагына кирди. Кыскача айтканда, министр Кубанычбек Турдубаев өлкөнүн электр энергиясы менен кен байлыктарына жооп бермей болду.

Ички иштер министрлиги

ИИМдин аталышы өзгөргөн жок. Бирок анын курамына айдоочулук күбөлүк берүү жана транспорт каражаттарын каттоо менен алектенген "Унаа" ишканасы киргизилиши мүмкүн. Октябрдан кийин келген министр Улан Ниязбеков ордун сактап калды.

Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги

Мурдагы Транспорт жана жолдор министрлигинин арышы дагы алда канча кеңейди. Анын алдына Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети киргизилди. Бул тармакка министр болуп келген Гүлмира Абдралиева жолдон сырткары өлкөнүн курулуштарына жана санариптештирүүгө да жооп берет. Ал буга чейин өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ӨКМдин аталышы өзгөргөн эмес. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экология жаатындагы функциясын ушул министрликке берүү каралууда. Министр Бообек Ажикеев жаңы өкмөттүн курамы менен кайра кызматка келди.

Юстиция министрлиги

Премьер-министрдин айтымында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Юстиция министрлигинин алдындагы орган болуп калышы мүмкүн. Бул тармакка министр болуп өкмөт аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асел Чынбаева келди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Бул министрликтин алдындагы Туризм департаменти бөлүнүп чыкты. Анын ордуна Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кошулду. Мындан ары министр Кайрат Иманалиев маданият кызматкерлерин, спортчуларды жана ЖМКларды тескейт. Ошол эле учурда жаштар саясатын жүргүзөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги кошулду. Анын курамына Миграция кызматы дагы киргизилери айтылып жатат. Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министр, социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова анын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

УКМКнын курамына Чек ара кызматы кошулду. Төрага Камчыбек Ташиев бойдон калды. Баса, мурда УКМК президентке баш ийсе, азыр өкмөткө карап жатат.
Улуусу 61, кичүүсү 34 жашта. Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн жаш курагы, билими
Кыргызстан эгемендик алгандан бери Чек ара кызматы УКМКга үчүнчү ирет кирип жатат. Акыркы жолу 2012-жылы чыгарылган эле. Sputnik Кыргызстан буга чейин чекисттер менен чек арачыларды кошуунун күнгөй-тескейи тууралуу адистердин пикирин уккан.
Өкмөттөгү өзгөрүүлөр ушуну менен токтоп калбайт. Премьер-министр Улукбек Марипов ведомстволор толук бөлүштүрүлүп бүтө электигин билдирген. Мисалы, Финпол, Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнчө орган болбойт деп айтылып жатат. Азырынча алар кайсы ведомствого баш иери белгисиз.

Жаңы өкмөттүн дымагы

Өкмөт башчы Улукбек Марипов бүгүнкү күндө башкаруу системасын иретке келтирүүнү кечиктиргенге убакыт жол бербей турганын, ошон үчүн өкмөттүн жаңы түзүмү иштелип чыкканын айтып жатат.
"Азыркы түзүм менен мобилдүү, маселелерди ыкчам чечкенге жөндөмдүү өкмөттү түзүүгө маанилүү кадам болду. Башкаруу системасын оптимизациялоо өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтөт деген ишенимдебиз. Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатат, каражатты үнөмдүү пайдаланууга өбөлгө түзөт. Чоң өзгөрүүлөрдү кыска убакыттын ичинде жасайбыз", — деди Марипов парламентте талапкерлиги каралып жатканда.
Ошондой эле ал президенттик башкарууга өткөндөн кийин да өкмөттүн ушул түзүмү, программасы өзгөрүлбөй турганын, бул боюнча президент Садыр Жапаров менен макулдашылганын белгиледи.

Канча каражат үнөмдөлөт, көбү жумушсуз калбайбы?

Оптимизациянын натыйжасында канча акча үнөмдөлөрү туурасында өкмөт азырынча анализ жасай элек. Марипов парламентте сүйлөп жатып бир эле энергетика тармагынан 2 миллиард сом үнөмдөлөрүн билдирди.
Ошондой эле ал көптөгөн мамлекеттик кызматкер жумушсуз калбайт деп жатат.
"Бул жерде бөлүм башчылар, жөнөкөй кызматкерлердин баары каралат. Механикалык кыскартуу болбойт, баары оптималдаштырылат. Кээ бирлери кыскартууга байланыштуу жумуштан кетсе компенсация берилет", — деди Марипов.
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаковдун айтымында, өлкөдө 16 700дөй мамлекеттик, 10 000дей муниципалдык кызматкер бар.
Ал учурда министр болуп келген ар бир аткаминерге өтө чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын белгиледи.
Жээнбековдун "кишилери", сурак жана кызмат. Алтынай Өмүрбекова агынан жарылганда
"Эми бардык органдар коюлган үч айлык мөөнөттө күн-түн иштей турган мезгил келип жетти. Мисалга, эки министрлик кошулду. Экөөндө тең юридикалык, жалпы бөлүм сыяктуу окшош бөлүмдөр кандай жол менен оптималдаштырылат. Кыскартуу структураларын кимдер иштеп чыгат. Мыйзам боюнча мамлекеттик органда иштеген бир кызматкердин ордун кыскартуу үчүн эле 1,5 ай убакыт талап кылынат", — деди Өмүрзаков.

Талкууга түшкөн социалык өнүктүрүү менен саламаттык сактоо

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болгон Ализа Солтонбекова бириктирүү туура кадам болгонун билдирди. Бул боюнча эффективдүүлүгүн көрсөткөн башка өлкөлөргө анализ жүргүзүлгөнүн айтты.
Ал эми мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров министрлик өзүнчө калып, курамына башка ведомстволорду бириктирсе деген пикирде.
"Жумушсуздук көбөйүп, жакырчылык өсүп, миграция процесси күч алып жатканда туура эмес чечим болду деп ойлойм. Ушул көйгөйлөрдүн баарын Саламаттык сактоо министрлигине байлап коюу жакшы эмес. Себеби пандемияда ал министрлик кандай иштеп жатканын, канча көйгөйү бар экенин көрдүк. Эгер Социалдык өнүктүрүү министрлигине Миграция кызматын, Социалдык фондду, Кесиптик-техникалык билим берүүнү кошкондо жакырчылыктан чыгуу, жумуш орундарын түзүү боюнча комплекстүү иш-чараларды жасаганга болот эле. Пенсия, пособиелер дагы бирдиктүү бир саясат менен жүрмөк", — деди Кочкоров.
Өкмөттөгү өзгөрүүлөр боюнча Садыр Жапаров дагы билдирүү жасап, мурда кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкенин айтты. Мунун арты менен министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволордун саны 48ге жеткенин белгиледи.