Радио

Кадырбеков: жыгач буюмдарды экспорттоп, дүйнөлүк рынокко чыгууну көздөп жатам

Akar.art ишканасынын негиздөөчүсү Элчибек Кадырбеков студент кезинен эле ар кайсы бизнести жасап көргөнүн айтты.
Sputnik
Мен кичинемден бери эле ишкерликке жакынмын. Бостери айылына ачык асман алдына кинотеатр ачып, караоке-бар иштеттим. Университетте окуп жүргөндө досторум менен саякаттоо турун да уюштуруп көрдүм. Мунун баары сезондук жумуш болгондуктан туруктуу бизнес ачууну ойлоно баштагам. Бул тууралуу Элчибек Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чыгармачылык, туризм, машина куруу жана ишкерлик боюнча билим алып, иштеген.
"Окууну аяктаган соң 2017-жылы Грециядагы кемеде бармендин жардамчысы болуп сегиз ай иштеп, каражат чогулттум. Буга чейин украиналык бир компаниянын конструкторлорду жасаганына кызыгып калгам. Компаниянын иши тууралуу кенен маалымат алып, анан ошолордукундай станок алууну пландадым. Кемеде иштеп жүргөн кезде бизнес-план түзүп, чогулткан каражатка станокту сатып алдым. Кыргызстанда чакан цех ачып, куурчактардын үйүн, шкатулка, блокнот, саат, органайзер жасай баштадык. Ошондой эле баланын өсүп-өнүгүүсү үчүн ылайыкталган оюнчуктарды Монтессоринин ыкмасы менен иштеп чыкканбыз. Жасаган эмгектерибизди базарларга алып барып сунуштачубуз. Биз материалдарды жыгач саткан дүкөндөрдөн эле алабыз. Дизайнды компьютердеги программалардын жардамы менен чийип чыгабыз. Андан кийин ошол чиймедегидей кылып станок кесип берет. Анан боёлуп, акырында баары чогултулуп, таңгакталат. Ар бир ишти ар башка бала жасап, ишканада жалпы 7-8 киши иштейт", – деди Кадырбеков.
Ишкер жыгач буюмдарды сыртка экспорттоп, дүйнөлүк рынокко чыгууну көздөп жатканын кошумчалады.