Бишкекте 19 буу казан газга өтөт. Меморандумга кол коюлду

Ордо калааны каптаган ыш көйгөйүн чечүү максатында Бишкек мэриясы менен "Газпром" ишканасынын ортосунда меморандум түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Борбор калаада 19 буу казан газга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ордо калааны каптаган ыш көйгөйүн чечүү максатында Бишкек мэриясы менен "Газпром" ишканасынын ортосунда меморандум түзүлүп, документке кол коюлган.
Анда "Бишкек жылуулук" ишканасынын буу казандарын жаратылыш газына өткөрүү тууралуу жазылган.
Документ 2021-2023-жылдары Бишкек шаарындагы жана Чүй облусуна караштуу Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү планды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
План боюнча 2021-жылдын 1-октябрынан тарта "Бишкек жылуулук" ишканасынын 19 буу казаны газга өтүшү керек. Алар:
Белгилей кетсек, "Бишкек жылуулук" ишканасы 66 буу казанын тейлейт. Анын ичинен 21и көмүр менен жылыса, 23ү газ менен, 11и электр энергиясы менен жылыйт. Ал эми 11и аралаш.
Жыл сайын буу казандарды тейлеп, камсыз кылууга шаардык бюджеттен 36 миллион сом бөлүнө турганы айтылды.