Кардан улам Бишкекте жана аймактарда авариялык өчүрүүлөр болууда

Авариялык кырдаалды жөнгө салуу үчүн 32 бригада күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жарыгы өчүп калгандар сall-борборго кайрыла алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкек, Чүй жана Талас облустарында электр жарыгы авария болгондуктан өчүрүлүүдө. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Компаниядан белгилешкендей, электр жарыгы массалык түрдө өчүрүлгөн жок. Кар жаагандыктан борбор калаанын айрым райондорунда авария катталып, мындан улам жарык жок болууда.
"Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Бишкекте сегиз бригада, Чүйдө 19, ал эми Таласта беш бригада иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди
"Түндүк электр" кырдаалды жөнгө салуу үчүн бригадалар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын белгиледи.
Компания суроолор болсо сall-борбордун 1209 кыска номерине же 0 772 00-12-09, 0702 00-12-09, 0556 00-12-09 телефондоруна чалууну өтүндү.
Аймактар боюнча телефондор "Түндүк электр" ишканасынын сайтында жайгаштырылган.
Компания Бишкек шаарынын жана аталган эки аймактын абоненттерин тейлейт.