COVID: эки адам каза таап, дагы 123 киши ооруп калды. Кыргызстандагы статистика

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп каза тапкандардын саны тыйылбай жатат. Өткөн суткада Бишкек шаарынан эки бейтап көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 123 адамдан табылып, алардын ичинен 38 бейтаптын өтө оор абалда жатканын Республикалык штаб маалымдады. Ал эми илдеттен 128 киши айыгып кетти.
Тилекке каршы, Бишкектеги ооруканадан эки адам COVID-19дан каза тапты.
Статистикага таянсак, инфекция Бишкек шаары менен Чүй облусунда басымдуулук кылып жатат.
Өткөн суткада коронавирус жуктургандардын саны:
Ал эми Кыргызстан боюнча COVID-19 жалпы 83 109 кишиге жуккан.
Бир сутка ичинде коронавирустан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Өлкө аймагында COVID-19дан 78 994 адам айыгып кетти.
"Кыргызстан боюнча учурда 229 бейтап оор, алардын ичинен 38и өтө оор абалда жатат", - деп айтылат бүгүнкү эртең менен таратылган маалыматта.
Учурда стационарда 796, амбулатордук дарыланууда 1004 бейтап дарыланып жатат.