БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Улуу Британиядагы кадырлуу басылмалардын бири The Guardian 2021-жылы саякаттоого ыңгайлуу 12 өлкөнү тизмектеди. Алардын сап башына Кыргызстан чыкты.
Рейтинг саякатчы жана блогерлердин пикирине негизделген. Авторлор эгер пандемияга байланыштуу абал жакшырып калса, бул тизмедеги өлкөлөргө барууну сунуштаган.
"Кыргызстан саякаттоо үчүн идеалдуу инфраструктурасы бар жерде жайгашкан. Жакшы жери - анын баары туристтер тарабынан тебеленип, бузула элек. Бишкек — жашоо кайнап турган заманбап шаар. Ал эми айылдарда каада-салтты унутта калтырбай жашаган көчмөндөрдү көрө аласыз. Негизи эле Кыргызстан - дүйнөдөгү эң керемет өлкөлөрдүн бири. Ашканасы дагы абдан даамдуу", — деп жазылат макалада.
Кыргызстандан тышкары бул тизмеге Исландия, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Украина, Ланди аралы сыяктуу жерлер кирди.
Аталган басылма Кыргызстанды өз тизмесине алгачкы жолу киргизип жаткан жок. Биздин өлкө 2019-жылы дагы саякаттоо үчүн сунушталган мамлекеттердин катарында болгон.