Бир дагы медик коронавирус жуктурган жок. COVID-19 боюнча статистика

Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 305ке жетти. Анын ичинен 76 563 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 359 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза таап, 91 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте бир киши каза тапкан.
Коронавируска салыштырмалуу пневмония көп адамдын өмүрүн алган. Сандар
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 305ке жетти. Анын ичинен 76 563 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 359 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
Учурда стационарда 980 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 245 адамдын абалы оор болсо, 50 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. 1 485 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Кечээтен бери бир дагы медиктен коронавирус табылган жок. Буга чейин оору илештирип алган алты медицина кызматкери сакайып кетти.