Туризм департаментине төрт айдан кийин жаңы жетекчи келди

Буга чейинки департамент башчысы Максат Дамир уулу августтун ортосунда эле кызматтан кеткен. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Самат Шатманов Туризм департаментинин директору болуп дайындалганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Департаменттин директору бир эле учурда министрдин орун басары кызматын да аткарат. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.

Буга чейинки департамент башчысы Максат Дамир уулу августтун ортосунда эле кызматтан кеткен.

Ош облустук милициясын Жеӊишбек Абитов башкармай болду. Сүрөт
Самат Шатманов буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин жардамчысы болуп иштеген. NewTV телеканалынын башкы директорунун биринчи орун басары, ЭлТР телеканалында жарнама боюнча менеджер болгон. Маданият министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордо жана "Альфа Телеком" компаниясында адис катары иштеген.