БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жыл жаңырар алдында Чүй облусунун аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп жаткандыктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык айдоочуларды жолдо өзгөчө сак болууга чакырат.
Маалыматка караганда, 29-31-декабрь күндөрү облуста кар жаап, коюу туман түшөрү күтүлүп жатат.
"Төө-Ашуу менен Боом капчыгайы аркылуу каттаган айдоочулар ылдамдык режимин, аралыкты сакташы керек. Ошондой эле каршы тилкеге чыкпашы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, кандайдыр бир себептер менен жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштыра элек айдоочуларга өзүнүн жана башкалардын жашоосун тобокелдикке салбоо сунушталат.