Эртең Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Тизме

Бул күнү адистер трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдой турганы айтылды. Оңдоо иштери саат 18.00гө чейин жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым жерлеринде шейшемби күнү, 29-декабрда, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00дөн 13:00гө чейин — Аламүдүн-1 кичи району (№34-42 үй), Шопоков жана Москва көчөлөрүнүн (№37, 39 үйлөр) бир бөлүгү;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Сүйөркулов жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жогорку Төкөлдөш конушунун бир бөлүгү (Октябрь, Армейская, Кийизбаева көчөлөрү);
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун бир бөлүгү (Бердибаев, Шералиев, Айылчиев, Абдурахманов, Термечиков, 12-көчөлөрү), Ак-Босого конушунун бир бөлүгү (Чүй, 1, Чүй, 6), Кривоносов, Бердибаев, Садыбакасов, Ладожский, Малышева, Кулиев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Беломорский туюк көчөсү;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Дачная көчөсүнүн бир бөлүгү жана Керченский туюк көчөсү;
  • 12:00дөн 17:00гө чейин — Чокморов, Московский, Ибраимов, Гоголь, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Келечек конушунун бир бөлүгү (Келечек көчөсү, 15, Кожеванная көчөсүндөгү 15 жана №17 үйлөр).