Пандемиядан улам катуу чаралар көрүлүп турган маалда деле адамдар жакшылыгымды алып барып бер деп чалып жатышты. Чынын айтканда, коронавирустан коркконумдан эмес, өзүмдүн абийиримди жоготуп албаш үчүн мындай сунуштарга макул болгон жокмун. Бул тууралуу Эркин Рыскулбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коом үчүн саясий лидерлер үлгү болушу керек.
"Карантин чаралары катуу болуп турган маалда социалдык тармактарда 500 миң, миллион колдонуучулары бар өнөрпоздор тойлордо ырдап, бийлеп жүргөн сүрөт, видеолорун чыгарган учурларын көрүп таң калдым. Ушунчалык төмөндүктү көргөн эмесмин. Ооба, азыр иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлө баштады. Эгер былтыр 18-декабрлардан баштап корпоративдик салтанаттар байма-бай өткөрүлсө, бул жылы алар төрт эсе азайды. Мисалы, 22-декабрь энергетиктер күнүн бардык ишканалар майрамдашчу эле, быйыл дээрлик өткөрүшкөн жок. Бирок ошентсе да азыр салтанаттар болуп эле жатат. Адамдардын социалдык аралыкты, санитардык эрежелерди сактаганын байкаган деле жокмун. Пандемиядан улам өзгөрүү болгон жок. Анын себеби бар. Корпоративдик кечелер, той-топурлар бул чоң пирамиданын ортосунда же төмөн жагында турган нерсе болсо, саясий иш-чаралар анын башында турат. Азыр баарыбызга белгилүү болгондой, үгүт кампаниясы жүрүүдө. Ар бир талапкер миңдеген кишини чогултуп алып, сааттап сүйлөп жатат. Бул адамдар жанагы айткан пирамиданын башында тургандар болсо, калганы кимден үлгү алмак эле", — деди Рыскулбеков.
Ал той-салтанаттардан жан багып иштеп жүргөн адамдардын саны республикада 28 миңдей киши экенин кошумчалады.