Райым Матраимов мамлекетке дагы 127 млн. сом которгону айтылды

Буга чейин Матраимовдон аталган эсепке 646 миллион сом түшкөнү айтылган. 27-ноябрдан бери ал дагы 127 миллион сом которду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитине жалпысынан 773 миллион 412 миң сом которду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалымат 8-декабрга карата экенин эскерте кетүү керек. Анткени буга чейин Матраимовдон аталган эсепке 646 миллион сом түшкөнү (27-ноябрь күнгө карата) айтылган.

"Тагыраагы, 27-ноябрдан бери 127 миллион сом келип түштү. Ал эми депозитте жалпысынан экономикалык мунапыс үчүн которулган каражаттын көлөмү учурда 872 миллион 138 миң сомго жетти", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК Райым Матраимов боюнча билдирүү таратты
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.