Ыкчамдаткыла! Новиков Кадамжайдагы оорукананын курулушун көрдү. Сүрөт

Кадамжайдагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын имараты Өзбекстан берген тез курулуучу конструкциялар менен салынууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кадамжайдагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын эки корпустан турган имараты бир жума ичинде пайдаланууга берилет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусуна барганда айтылгандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанга берилген гуманитардык каражатка курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты 214 койка-орунга ылайыкталган.

"Имаратты көрүп чыккан соң Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну жана курулушта бардык нормалардын сакталышын, куруучуларга тийиштүү иштөө шартын камсыздоону белгиледи", — деп айтылган маалыматта.

Белгилей кетсек, Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени салууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.