Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Новиков Нарынга барат

Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Нарындагы бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи-вице-премьер Артем Новиков эртең, 5-декабрда, Нарынга иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жумушчу сапардын алкагында Новиков "Торугарт" көзөмөл өткөрүү бекетинин иши менен таанышат. Ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушун көрөт.