БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен беш мектеп курулуп жатат, алардын баары кийинки жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов объектилерди кыдыруу учурунда Туран кичи районунда курулуп жаткан 275 орундуу мектепке барып, курулуш иши менен таанышкан.
"Өткөн жылдары каражаттын жоктугунан бул мектептердин курулушу токтоп калган. Учурда каражат бөлүнүп, кийинки жылы беш мектептин баарын бүткөрүү пландалууда", — деди Сарыбашов.
Балбак Түлөбаев Бишкектеги мектептер эмнеге ачылбай турганын айтты
Курулуп жаткан мектептердин дареги:
- Ирригатор участогундагы 275 орундуу мектеп, тендердик баасы 51,4 миллион сом;
- Ломоносов атындагы №3 мектептин 500 орундуу кошумча окуу корпусу, тендердик баасы 45 миллион сом;
- Курманжан датка МТУнун 222-кварталындагы 275 орундуу, тендердик баасы 61 миллион сом;
- Амир-Тимур кичи районундагы 625 орундуу мектеп, тендердик баасы 147,8 миллион сом;
- Нариманов мектебинин жаңы окуу имараты.
Андан ары шаар башчысы канализация тармактарында көйгөйлөр жаралган №78 "Ширинтай-Ош" бала бакчасында болуп, ал боюнча долбоор 2021-жылдын бюджетине киргизилерин билдирген.
Мындан тышкары, бул аймакта дагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталарын кошумчалаган.