БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 10-талапкерден арыз келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, документин тапшыргандардын көпчүлүгү президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөндөр.
Талапкерлер документтерин качан тапшырышкан:
- Адахан Мадумаров — 30-октябрь;
- Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов жана Кубан Чороев — 31-октябрь;
- Бектур Асанов — 2-ноябрь;
- Бакыт Бакетаев жана Канат Исаев — 4-ноябрь;
- Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев — 5-ноябрь;
- Нурлан Мотуев — 6-ноябрь.
Талапкерлер документтерин 14-ноябрга чейин тапшыра алышат.