Кытай менен Кыргызстан эки тараптуу аскердик байланышты бекемдөөгө даяр

Кыргызстандын Генералдык штабынын башчысы өз ара ишеним принциптерине негизделген кыргыз-кытай кызматташтыгынын деңгээли жогору экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолугушту. Бул тууралуу коргонуу мекемесинин маалымат кызматы кабарлады.

Кытай менен Кыргызстан эки тараптуу аскердик байланышты бекемдөөгө даяр

Тараптар кеңири диалог жүргүзүшүп, аскердик жана аскер техникалык кызматташтык маселелери жана багыттары боюнча пикир алышты.

"Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында коргонуу жаатында мындан ары эки тараптуу байланыштарды чыңдоого даяр экендигин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Өмүралиев өз ара ишеним принциптерине негизделген кыргыз-кытай кызматташтыгынын деңгээли жогору экенин белгиледи. Ал ошондой эле коронавирус пандемиясы маалында көрсөткөн аскердик-медициналык жардамы үчүн Кытай өлкөсүнө ыраазычылык билдирди.