Туңгуч гезит коомдон артта калбай актуалдуу маселелерди көтөрүп, курч көйгөйлөрдүн чечилишине көмөкчү болуп келет. Бул тууралуу Эрнис Балбаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кадырбеков: маданият тармагында каржы саясатын ирээттеш керек
Анын айтымында, мамлекет өкмөттүк гезиттерди өз карамагына алып, көңүл бурса бир топ өзгөрүүлөр байкалмак. Антпесе алдыга жылыш кыйын.
"Азыр маалыматтын чагылгандай тез тараганы, оперативдүүлүк биринчи орунга чыкты. Бирок мезгилден артта калбай аракетибизди көрүп келебиз. Ага карабастан баары каржы маселесине барып такалат. Мисалы, Казакстанда "Кыргыз Туусу" сыяктуу 1919-жылы жарык көргөн "Эгемен Казакстан" деген өкмөттүк гезит бар. Бүгүнкү күндө алар толук мамлекеттик каржылоодо. Кызыгып карап көрсөм гезитке миллиард теңгеге мамлекеттик заказ берилип, жазуу иштерин көзөмөлгө алыптыр. Эки гезитти салыштырганда чындыгында ичиң күйөт", — деди Эрнис Балбаков.
Журналист гезит коомдогу актуалдуу маселелерди көтөрүп келерин кошумчалады.