Балдар үйүндө өскөм. Бишкектен автоунаа уурдады делген улан Таш-Көмүрдөн кармалды

Борбор калаадан уурдалган автоунаанын айдоочусун Жалал-Абаддын автоинспекторлору Бишкек — Ош жолунан токтотушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынан Honda Fit автоунаасын уурдап, Ош шаарына сатуу үчүн алып келе жаткан деп шектелген улан Таш-Көмүр шаарында кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ушул аймакта ак түстөгү Honda Fit автоунаасын белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган деген маалымат түшкөн. Алдын ала WhatsApp аркылуу берилген маалыматтарда, анын Жалал-Абад облусу тарапка кеткендиги тууралуу айтылган.

Оштон автоунаа айдай качкан жаранды Токтогулдун инспектору кууп жүрүп кармады

Андан көп узабай аталган автоунаа Таш-Көмүр шаардык ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек — Ош жолунун 449-чакырымында токтотулган.

"Автоунааны уурдоого шектүү деп 17 жаштагы Д.А. аттуу жаран кармалган. Өзүнүн айтымында, туруктуу жашаган жери жок, балдар үйүндө чоңойгон. Автоунааны Ош тарапка сатканы алып бара жаткан", — деп айтылган маалыматта.

Шектүү Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобуна өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаары Жалал-Абад облусу балдар үйүнүн тарбиялануучусу автоунаа уурдоо