БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 абакка которулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына адвокат Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев суранычы аткарылганына байланыштуу ачкачылыгын токтотту.
"Азыр ал акырындык менен ачкачылыгын токтото баштады. Кан басымы төмөн болчу. Азыр турукташып калды. №47 колониядан аны дарылашат", — деди адвокат.
ЖКККББдин жетекчи орун басарынын пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган
Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которулган. Буга байланыштуу мурдагы президент ачкачылык жарыялаган болчу.