Оштон автоунаа айдай качкан жаранды Токтогулдун инспектору кууп жүрүп кармады

Уурдалган машина менен Бишкекти көздөй бараткан жаран эки посттон токтобой өтүп кеткенде артынан куугун түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ош шаарынан Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кеткен жаран Токтогул районунан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык милициясына 30 жаштагы тургун Манас-Ата кичи районунан машинасы уурдалганын айтып кайрылган.

"Кара-Көл шаары менен Токтогул районунун аралыгында кызмат өтөп жаткан инспекторлор аталган унааны Бишкекти көздөй бара жатканда тоскон, бирок айдоочу баш ийбей качып кеткен. Мындан улам кийинки постто турган инспекторлор жолго тосмо коюп токтотууга аракет кылышкан. Андан да буйтап өтүп Токтогулдун Арал айылына кирип кеткен. Анын артынан кууп барганда автоунааны таштап, өзү талаага качып жөнөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте унаадан акча, баалуу буюм уурдаган шектүүлөр кармалды. Видео

Бирок көп узабай ал кармалып, Токтогул райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталды.