БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчиси болуп Нурлан Мамытов дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи келди
© Фото / пресс-служба РКФР
Билдирүүгө караганда, фонд жетекчисин премьер-министр дайындайт.
Мамытов буга чейин "Айыл Банктын" директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ал эми фондду ушул жылдын 10-февралынан бери Азиз Аалиев жетектеп келген.
Белгилей кетсек, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчисин өкмөт үч жылдык мөөнөткө даярдайт. Кийин ал башкармалыктын Россия тараптан мүчөлөрүнүн бирин өзүнүн орун басары кылып бекитет.