Антарктиканын үстүндө акыркы 10 жылдагы эң чоң озон тешиги пайда болду

Озон — бул жерди күндүн зыяндуу ультрафиолет нурларынан сактап туруучу газ катмары. Жерде химиялык зыяндуу калдыктар көп ыргытыла баштаганда анда тешик пайда болот.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Метеорологдор Антарктиканын үстүнөн акыркы 10 жыл ичиндеги эң чоң озон тешигин табышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун расмий өкүлү Клэр Нуллиске таянып РИА Новости жазды.

"Адистер жаңы озон тешигин акыркы жылдардагы эң чоң жана терең экенин тастыкташты. Анализдер тешиктин максималдуу көлөмүнө жеткенин көрсөттү, анын жалпы аянты азыр 24 миллион чарчы чакырымга жетип калды", — деп айтылат кабарда.

Адистин айтымында, бул нерсе озон катмарын талкалоочу химиялык калдыктардын кайрадан көбүрөөк ыргытыла баштаганынан кабар берет.

Эми бет каптардын кооптуулугу жарала баштады. Экологдор коңгуроо кагууда

Негизи озон катмарына зыян келтирбей сактоо боюнча мамлекеттерди милдеттендирген Монреаль протоколу бар. Эгер андагы экологиялык талаптар ойдогудай сакталса, 2060-жылга чейин озондун катмарын кайрадан 1980-жылдагы калыбына алып келсе болору айтылат.

Озон — бул жерди күндүн зыяндуу ультрафиолет нурларынан сактап туруучу газ катмары.