БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШнын Рой шаарында пиццага буйрутма берген кардар аны жеткирип иштеген пенсионерге 12 миң доллар чай-пул топтоп берди. Бул тууралуу Today басылмасы маалымдады.
Билдирмеге караганда, 89 жаштагы Дерлин Ньюнинин (Derlin Newey) пенсиясы эсептерди төлөөгө жетпейт. Мындан улам ал кошумча акча табуу үчүн жумасына 30 саат пицца жеткирип иштейт.
"Анын туруктуу кардарларынын бири Карлос Вальдез карыя Ньюнинин пицца жеткирген учурун видеого тартып алган. Андан соң аны TikTok платформасына жүктөгөн", — деп жазылат маалыматта.
Видеону көргөн колдонуучулардын көбү улгайган адамдын мынчалык көп иштегенине сарсанаа болушкан. Жыйынтыгында Вальдездин үй-бүлөсү акча чогултуп, пенсионерге жардам берүү идеясын ойлоп табышкан.
"Баарыбыз биригип бул өзгөчө адам үчүн 12 миң доллар чогулттук", — деген ал.
Вальдез Ньюниге сюрприз уюштуруп, анын үйүнө барып акча тапшырган.