Трамп жоро-жолдошунан кантип айрылганын айтып берди

Трамп өлкө башчы болуп дайындалгандан кийин достору "урматтуу президент" деп кайрылып калганын белгилеп, алар менен жай отурган күндөрүн эстеген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Висконсинде шайлоочулар менен жолугушуу учурунда мамлекет башчы болуп дайындалгандан кийин бардык досторунан кол жууганын айтып, алардын ордун конгресстин мүчөлөрү алмаштырганын кошумчалаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Мен досторумду ушул тактыга келгенден кийин жоготтум. Жоро-жолдошторум бар болчу. "Эй, Дон, кечки тамакка барып келбейлиби". – "Макул, Ричард, барам". – Эй, Дон, жүрү барып келели". –"Макул, Ларри, кечирээк Нью-Йорктогу ресторандан көрүшөбүз..." Ушинтип жолугуп, кызыктуу баарлашчубуз. Досторум менен жай отуруп, жакшы эс алар элек", — деди Трамп.

Ал президент болгондон кийин достору кантип кайрыла баштаганын да айтып берген.

"Кокустан эле АКШ президенти болуп калдым. Досторум чалып "урматтуу президент, сэр, биз менен жолуккуңуз келбейби?" деп сурашат. Анда мен: "Сен мени 30 жылдан бери тааныйсың, жөн эле Дональд деп айтчы" дечүмүн. Бирок ага болбой алар: "Чоң рахмат, урматтуу президент" дешчү", — деди Трамп.

АКШ президенти эми достору менен жай отуруп сүйлөшүп, ээн-эркин боло албай калганын айтып, тактыга отургандан кийин досторунун ордун конгресстин мүчөлөрү алмаштырганын кошумчалаган.