00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:52
7 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
12 миллион документ санарипке өттү: Юстиция министрлигиндеги жаңы реформалар
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
14:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
15:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как женское движение Кыргызстана прошло путь от выживания в 90-х до участия в развитии страны
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
“Тандем” продакшны театр менен музыканы айкалыштырат
17:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Алтын эмнеге арзандоодо?
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
21:05
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү

© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевМурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Архив
Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирстун жайылышын алдын алган жок деп кызматтан алынган Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы Космосбек Чолпонбаев бүгүн Финполиция тарабынан кармалды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдары мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтиргени маалымдалды.

Бүгүн, 15-сентябрда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармады. Ушул жана шалаакылык беренеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү дагы шектелип жатат.

Сын менен кеткен

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган. Ага чейин президент Сооробай Жээнбеков 31-марттагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Чолпонбаевге нааразычылыгын билдирген. Мамлекет башчы өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген. Ошондой эле Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алган.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартууну сунуштаган.

Баткен облусунун башчысынын уулу Москвадан кармалды. Окуянын чоо-жайы

Суракка чакырылган

Экс-министр ушул жылдын 9-июлунда Финполго суракка чакырылган. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата "коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берери айтылган. Эртеси, 10-июлда, Чолпонбаевдин жүрөгү ооруп, оор абалда ооруканага түшкөн.

Кылмыш иши

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөндүгү аныкталды. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келген.

Чолпонбаев Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0