Жумуш убадалаган. Таластын тургуну 200 адамды алдады деп шектелүүдө. Сүрөт

Изделип жаткан адамдын оң колунда бычак жана жолборс түрүндө татуировка, бетинин оң жагында 3-4 сантиметрлик калы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун милициясы Көк-Ой айылында туулган 40 жаштагы Калыбек Мырзакуловду издөөдө. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Жумуш убадалаган. Таластын тургуну 200 адамды алдады деп шектелүүдө. Сүрөт
"Бул адам ири суммада алдамчылыкка шектелүүдө. Ал курулуш фирмасына жумушка орноштурам деп адамдардан акча алган. Жыйынтыгында андан 200 адам жапа чеккен", — деп айтылат маалыматта.

Изделип жаткан кишинин өзгөчө белгилери катары оң колунда бычак жана жолборс түрүндө татуировка, бетинин оң жагында 3-4 сантиметр калы бар.

Акча алдап из жашырган кыргызстандыктар 7 жылдан кийин Москвадан кармалды

Милиция бул адам өзүн ар кандай ысым менен көбүнчө Калнур деп тааныштырарын эскерткен.

Шектүүнүн кайда экенин көрүп-билгендер болсо (0559) 11-90-66, (0500) 56-76-76 телефондоруна чалыңыздар.