7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ошто текстиль фабрикасы курулуп жатат

Ишкер Нурбек Осмоновдун айтымында, фабрика кийим-кече, шым, трикотаж буюмдарды, ошондой эле кездемелерди чыгарат. Өндүрүштө Япония менен Германиянын шаймандары колдонулат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Ош шаарында жети миңге жакын адамды жумуш менен камсыз кыла турчу текстиль фабрикасы курулууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, мамлекет  башчы Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Ош облусун кыдырууда. Анын алкагында фабриканын курулуш иштери менен да таанышкан.

Ишкер Нурбек Осмоновдун айтымында, фабрика кийим-кече, шым, трикотаж буюмдарды, ошондой эле кездемелерди чыгарат. Өндүрүштө Япония менен Германиянын шаймандары колдонулат.

"Курулушка 970 миллион сом жумшалган. Фабриканын негиздөөчүлөрү өндүрүшкө өздөрүнүн 19 миллион доллар каражатын да салышкан. Текстиль фабрикасы толук кандуу ишке киргенде 1000ден 7000ге чейин жаңы жумуш орундары түзүлөт. Фабрика жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылат. Анын баарын жергиликтүү дыйкандардан сатып алуу пландалууда. Бул максатта Кара-Суу жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү завод куруу каралган",— деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчы ишкананын деңгээлине канааттанып, Кара-Суу жана Ноокен райондорундагы пахтаны кайра иштетүүчү завод куруу пландарын колдой турганын айткан.