Адис WhatsApp тиркемесиндеги шылуундуктун жаңы чыккан түрлөрүн тизмектеди

Банк картасынын номерин, сыр сөз сыяктуу жеке маалыматтарды сурагандардан дагы оолак болуу керектиги айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. WhatsApp байланыш каражатынын колдонуучулары көбүнесе шилтемелер жана жүктөп алуучу файлдар аркылуу шылуундарга кабылып калат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "Роскачество" ишканасынын жетекчисинин орун басары Илья Лоевский айтып берди.

"Адатта шылуундар Google, Apple, Facebook сыяктуу атактуу компаниялардын атын колдонушат. Ошондой эле коомдо кызыктуу болуп турган темалар тууралуу жазышат. Мисалы, азыр COVID-19 же акысыз интернет жөнүндө тексттерден көпчүлүк кыя өтпөйт. Мындан тышкары, алдамчылар WhatsApp тиркемесинин атын көп жамынышат", — деди адис.

WhatsApp жаңы функцияны ишке киргизип жатат

Лоевский банк картасынын номерин, сыр сөз сыяктуу жеке маалыматтарды сурагандардан дагы оолак болууга чакырат.