Мигранттарга жасалма документ даярдаган жашыруун топ кармалды

Аталган топтун мигранттарга жасалма документти 20 000 сомдун тегерегиндеги акчага даярдап берип турганын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка расмий орноштурабыз деген шылтоо менен көп убакыттан бери мамлекеттик маанидеги жасалма документтерди даярдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чет элдиктерге кыргыз паспортун жасап берип жүргөн киши кармалды
Алардын кеңселеринин бирин тинте келгенде айдоочулук күбөлүктөр, КР паспорттору, жогорку, орто билим жөнүндө дипломдор жана мамлекеттик маанидеги башка документтер чыккан. Андан сырткары, буларды даярдай турган басмакана жабдуулар менен ага керектелчү материалдар табылган.

Аталган компаниянын жетекчилери делген М.А. жана М.Б. аттуу жарандар 20 000 сомго мигранттар чет жерде колдоно турган жасалма документтерди даярдап берип тургандыгы аныкталган.

Муну менен катар эле жасалма документ менен жүргөн мигранттар чет жакта тартип коргоо органдары тарабынан бир нече ирет кармалганын айтышты.

Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө жана иликтөө иштери уланууда.