Кадамжайда адам уурдоого шектелгендерди милиция колго түшүрдү. Сүрөт

Шектүүлөр жабырлануучуну сабап, коркутуп, андан бир миллион сомдой акча талап кылган. Болбосо өлтүрүп кетишерин айтып коркутушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын 43 жаштагы тургунун коркутуп, бир миллион сомдой акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кадамжайда адам уурдоого шектелгендерди милиция колго түшүрдү. Сүрөт
"Жабырлануучунун уюлдук телефонуна белгисиз бирөөлөр байланышка чыккан. Андан соң 3-4 бейтааныш адам аны Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, ээн талаага алып барып, коркутуп, уруп, 950 миң сом акча талап кылган. Эгер таппаса өлтүрүп кетерин эскерткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Кадамжай райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошто адвокаттын өлүмүнө шектелип 42 жаштагы киши кармалды
Милициянын ыкчам кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында автоунаалар аныкталып, кылмышка шектүү жарандар Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Алар Чүй облусунун Беловодское айылынын 34 жаштагы, Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын 44 жаштагы, Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы мурда соттолгон жашоочусу жана Үч-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну болуп чыккан. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жабырлануучунун жараатын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылды.