Коронавирустан бир суткада 20 киши айыгып чыкты

Республика боюнча жалпы 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алгоритмге ылайык, дарылануусу бүткөн бейтап кайрадан анализ тапшырып, ал таза чыккандан кийин гана үйүнө жиберилет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын 20сы сакайды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алардын 17си Бишкек шаарынын, экөө Нарын облусунун, бири Жалал-Абад облусунун тургундары”, — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.