Бишкекте тез татым жайында өрт чыкты. Сүрөт

Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан бургер өрттөнүп, бир бригада иштеп,  жалын саат 18:27лерде өчүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Борбор калаада жайгашкан тез татым жайлардын биринде өрт чыкканын ӨКМден билдиришти.

Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан бургер жайын жалын каптап, бир бригада иштеген. 

Өрт өчүрүүчүлөр ал жерге 17:30да барган. Азыр тилсиз жоону толук өчүрүү менен алек болуп жатышат. Кырсыктын эмнеден чыккандыгы боюнча так маалымат айтыла элек.

Тилсиз жоо саат 18:27де өчүрүлдү.