Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян үй-бүлөсү менен коронавирус жуктуруп алды

Никол Пашинян иш сапарга даярданып жаткандыктан анализ тапшырып көрүүнү чечкен. Вирус анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн дагы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. – Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт башчы өзү түз эфир маалында айтканын  Sputnik Армения агенттиги жазды.

"Резиденцияда иштей берем. Ал үчүн байланыш каражаттары жана башка мүмкүнчүлүктөр толугу менен бар”, — деди Пашинян.

РФ премьери Мишустин COVID-19 вирусун жеңип, ишке киришти
Өзүнүн айтымында, премьер оорунун бир дагы белгисин байкаган эмес. Бирок иш сапарга даярданып жаткандыктан, анализ тапшырып көрүүнү чечкен.

“Жыйынтыгында вирус жуктуруп алганым аныкталды. Үй-бүлөм дагы вируска кабылыптыр, менден жукту окшойт”, — деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, Арменияда өзгөчө абал режими 16-марттан 13-июнга чейин жарыяланган. 31-майга карата бул өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 9282ге жетти. COVID-19 илдетинен 131 киши көз жумду.