Кыргызстандын жети облусунда 22 судья ротацияланды. Тизме

Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет. Соңку жылды эле алсак, Финансы министрлигинин маалыматы боюнча бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык акча каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда айрым жергиликтүү соттордун судьялары ротация болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

“Президенттин бир нече Жарлыгы менен райондор аралык соттордун судьяларын кызмат орундарынан бошотуу менен алардын калган мөөнөтүн административдик сотто улап кетүү үчүн судьялар ротацияланды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак,  Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бюджеттен ага 2016-жылы — 1,2 миллиард сом, 2017-жылы — 1,3 миллиард, 2018-жылы — 1,6 миллиард сом, 2019-жылы 2 миллиард сомдон ашык акча жумшалган.

Төмөнкү фемида өкүлдөрү ротацияланган:

Чүй облусунда:

  • Асанов Эрлан Жекшенбекович;
  • Ахметова Айнура;
  • Курманов Ашырбек Такишович;
  • Осмонова Шааркүл Келдибековна;
  • Султаналиев Нурлан Туруспекович;

Бишкек шаарында:

  • Алымкулов Айдарбек Бекишович;
  • Абдыкадыров Куралбек Амантаевич;
  • Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;
  • Эгембердиева Анар Раимжановна;
  • Эшалиев Азис Маратович.

Ош облусунда:

  • Абдыкадырова Зарина Омаровна;
  • Досалиев Акылбек Кубатбекович;
  • Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич.

Жалал-Абад облусунда:

  • Каипова Нурила Кочкоровна;
  • Мажитов Бакытбек Өмүрзакович.

Ысык-Көл облусунда:

  • Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;
  • Тагаев Мелис Муктарович.

Баткен облусунда:

  • Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;
  • Туленбаев Таирбек Абдумаликович;

Талас облусунда:

  • Ибраимов Темирбек Маданбекович;
  • Нартаев Нурман Канатбекович;

Нарын облусунда:

  • Чагалдакова Махабат Бекболотовна.

Маалыматка караганда,  2018-2040-жылдары сот адилеттигине тоскоолдуксуз жетүү жана сот системасындагы ашыкча тепкичтерди жок кылуу үчүн райондор аралык сотторду административдик сотторго алмаштыруу жөнүндө сунуштары макулдашылган. Кийин бул сунуш тиешелүү мыйзам долбоорунун курамында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Облустук жана райондук бир нече судья кызматынан кетти
Аталган мыйзамда жергиликтүү соттордун түзүмүндөгү “Райондор аралык” деген түшүнүктү “Административдик” деп алмаштыруу каралган. Мында кайра уюшулган деп түшүнүүгө болот жана “Судьялардын статусу жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 23-беренесине ылайык, мурдагы райондор аралык соттордо иштеп жаткан судьялар КР Судьялар кеңешинин сунушу боюнча алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата административдик сотторго ротацияланат.