БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Эртеңден тарта иштегендер жумушуна тоскоолдуксуз баруу үчүн жашаган жеринен жана Салык инспекциясынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жеринен маалым кат керектелет. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.
Белгилей кетсек, 11-майдан тарта өзгөчө абал режими токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими уланмай болду.
Суракматов ишмердүүлүгүнө уруксат берилген бир нече тармактар бар экенин белгиледи. Алардын тизмесин материалдан окусаңыздар болот.
“Жетекчилер же бухгалтерлер ар бир кызматкери үчүн Салык инспекциясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым кат даярдашы керек. Бул кагаз адамдын ошол компанияда иштей турганына далил болот. Алгачкы күндөрү 12-майга чейин маалым катты катуу талап кылбайбыз, себеби аны даярдоого убакыт керек. Бирок 13-майдан тарта ишке чыккан ар бир кызматкерден жашаган жери жана иштеген жумушунан справка сурай баштайбыз. Бир гана патент менен иштегендерге маалымкаттын кереги жок”, - деди мэр.
“Маалым катты талап кылганыбыздын себеби ишмердүүлүгүнө азырынча уруксат берилбегендер дагы чыгып алышы мүмкүн. Өткөрмө кагаздар жокко чыкты, ошондуктан эртең элдин баары сыртка чыгып кетсе эмне кылабыз, кантип көзөмөлдөйбүз?” – деди Суракматов.
Ал ошондой эле ишке чыккандар үйдөн жумушка, жумуштан үйгө гана бара ала турганын кошумчалады.