Жалал-Абадда 37 тонна мунай уурдоого шектелип төрт жаран кармалды. Сүрөт

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып жатат. Уурдалган мунайзат эки айылдан чыккан.
Sputnik

ОШ, 26-апр. – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда төрт жаран 37 тонна мунайды уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-апрель күнү Ноокен райондук милициясынын кызматкерлери "Кыргыз нефтегаз" ишканасынын коопсуздук кызматы менен биргеликте Бүргөндү айыл аймагынын З.Н. аттуу тургунунун короосунан 7 тонна мунайзат табышкан.

"Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун лабораториясы табылган мунайзат жер алдынан алынгандыгын, курамында 87 пайыз мунай, 13 пайыз суу бар экенин аныктап, корутунду чыгарып берген", – деп билдирген Жээнтаев.

Райондук милиция топтолгон материалды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ошол эле күнү каттаган.

Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү катары кармалган жаран 24-апрель күнү 48 саатка камакка алынган. Бүгүн, 26-апрель күнү, Ноокен райондук сотунда баш коргоо чарасы каралат.

Мындан сырткары, Кочкор-Ата шаарынын Ю.А. аттуу мунай уурдоого шектүү жашоочусу көрсөтмө берген.

"Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүндөгү Тоскоол-Ата токой чарбасынын №6 жайытындагы "Кыргыз нефтегаз" ишканасынын №82 объектисинен Т.К. аттуу тургун желим идиштерге куюп уурдап жүргөн", - деп анын айтканын Жээнтаев билдирген.

Бишкекте уурдалган терминал. Милиция шектүүлөрдү кармады
Милициядан уурдалган мунайзатын бир тууган инисинин үйүнүн короосуна сактап жүргөнү аныкталганын билдиришти.

Анын иниси жашаган үйдү тинтүүгө алган учурда күйүүчү май ташуучу 30 тонналык цистернасы менен DAF үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Мындан сырткары, 30 тонналык күйүүчү май ташуучу автоунаалардын 5 даана чиркегичи чыккан. Алардын ар биринин ичин карап текшерип чыкканда, болжол менен жалпысынан 30 тонна мунайзат бар экендиги аныкталган.

Шектүү катары Жаза процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде аталган жарандар камакка алынган. Учурда Ноокен райондук соту тарабынан баш коргоо чаралары каралууда.