БИШКЕК, 24-апр — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаанын айдоочусу жети машинаны сүзүп кетти.
Жол кырсыгынын видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.
Окуя 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында Каралаев менен Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жеринде милиционерлер иш алып барганы маалым, кырсыкка себепкер айдоочу мас экени айтылууда.
Жараат алган бир адам ооруканага жатуудан баш тарткан, башка эч ким жабыркаган эмес.
Бишкек комендатурасынынын маалымат кызматы азырынча комментарий бере элек.