БИШКЕК, 20-апр — Sputnik. Кытайда үч жашар кыздын Уханда иштеп жүрүп чачын ак басып кеткен атасын тааныбай калгандыгын AsiaOne порталы жазып чыкты.
Гуйчжоу провинциясында жашаган 39 жаштагы медик Ван Беньсюну февралдын башында коронавирус менен күрөшүү үчүн эки айга командировкага жөнөтүшкөн. Ал барган шаар жаңы типтеги коронавирустун тараган очогу болуп турган эле.
Порталдын маалыматына караганда, ал бир мезгилде 21 бейтапты караган. Иштин көптүгүнөн жана дайымкы чыңалуудан улам чачы да агарып кеткен.
Эске салсак, SARS-COV-2 инфекциясы Кытайдын Ухань шаарында декабрдын аягында жайылып баштагандыгы маалым. Анын очогу деңиз азыктарын саткан базар болуп эсептелинет. 31-декабрда жаңы оору тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна билдирүү жөнөткөн. Шаар карантинге жабылып, 50 миң адам вирус жуктуруп, анын 3,8 миңи каза болгон.
Буга чейин интернетте коронавирустан улам бир айдан бери көрүшпөгөн медайым менен кызынын таасирдүү видеосу тараган.