Москвада коронавируска кабылган аял башка оорудан көз жумганы аныкталды

Буга чейин Москвада коронавирус жуктурган 79 жаштагы кемпирдин көз жумганы белгилүү болгон. Анын сөөгү изилдөөгө жөнөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Москвада коронавируска кабылган улгайган аялдын өлүмүнүн себеби экспертизанын жыйынтыгы менен аныкталганын РИА Новости өлкөдө COVID-19 кырдаалын мониторинг кылган ыкчам штабга шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, "вирустук пневмония" диагнозу менен аялдын сөөгүн изилдөөгө жиберишкен. Бирок анын өлүмүнө өпкө артериясынын эки тараптуу тромбоэмболиясы себеп экендиги аныкталган.

"Бейтап пневмониянын баштапкы стадиясы менен ооруканага түшүп, андан кийин коронавирус аныкталып жаткан. Бирок каза болушуна булар себеп эмес. Анын кан уюп калган кан тамыры жарылып кеткен. Өлүм алдында жатканда өпкөсүнөн кыйналган эмес. Аялдын кант диабети менен жүрөк кан-тамырга байланышкан өнөкөт оорулары болгон", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Москвада коронавирус жуктурган 79 жаштагы кемпирдин көз жумганы белгилүү болгон. Бул вирустан каза тапкан биринчи бейтап болуп саналат.

Ыкчам штаб аялдын тууган-уруктары медиктердин көзөмөлүндө экендигин кошумчалаган.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта Россияда коронавируска 147 адам чалдыгып, анын сегизи айыкты.